Жаңылыктар
Дубалга чапталган банан Sotheby's аукционунда 6,2 миллион долларга сатылды
Кыргызстан жаңылыктары
Дубалга чапталган банан Sotheby's аукционунда 6,2 миллион долларга сатылды

Ааламдашуу доорунда акылга сыйбаган ар кыл окуялар байма-бай катталып келет. Алардын бири Лондондогу Sotheby's заманбап искусство аукционунда болуп өткөн жагдай көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Анда Италиялык сүрөтчү Маурицио Каттеландын "Куудул" концептуалдык чыгармасын Кытайлык крипто-ишкер Джастин Сун сатып алган. Бул, балким, дүйнөдөгү эң кымбат жемиш катары эсептелип калышы мүмкун.

Джастин Сун бул чыгарма "мемдер жана криптовалюталар коомчулугунун дүйнөсүн бириктирген маданий феноменди билдирет" деп айткан. Ошондой эле ал өз сөзүндө жакынкы күндөрдө ал бананды жей турганын билдирген.