Жаңылыктар
Венада эл аралык энергетикалык инвестициялык форум башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Венада эл аралык энергетикалык инвестициялык форум башталды

Вена шаарында (Австрия Республикасы) Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум башталды.  

Форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун видеокайрылуусу менен башталып, андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун куттуктоо сөзү менен коштолду. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы иш-чаранын катышуучуларын жылуу кабыл алып, «Форум Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмү үчүн да эсте каларлык болорун, анткени биринчи кезекте Аймактык маанидеги долбоор – Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу талкууланат” белгиледи.   

«Форум туруктуу өнүгүүгө карай маанилүү кадам жана бизди жашыл жана гүлдөгөн дүйнөгө алып баруучу жаркын жолдун башталышы болот», - деди Акылбек Жапаров. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы  "Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген, жашыл келечектин флагманы болууга багытталган долбоорго чоң кызыгуу көрсөткөн" форумдун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди. 

Куттуктоо сөзүнүн аягында МинКаб башчысы «Форум тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн гана эмес, стратегиялык өнөктөштүктүн жана чечкиндүү биргелешкен аракеттердин да уникалдуу аянтчасы болуп калаарына» ишенимин билдирди.  

«Бул форум жашоонун сапатын жакшыртууга жана планетабыздын жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган көптөгөн ийгиликтүү долбоорлор жана демилгелер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачсын», - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.  

Белгилей кетсек, бул энергетикалык форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан уюштурулган.  

Форумга 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн делегациялары жана жеке инвесторлор катышууда.