Жаңылыктар
Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларуска барды
Кыргызстан жаңылыктары

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларустун Минск шаарына келди.

Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле “Белагро-2024” эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барат жана көргөзмөнүн алкагында өтүп жаткан “Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу” пленардык сессиясына катышат.