Жаңылыктар
Ала-Арча резиденциясында бүгүн II Бишкек маданият форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
 Ала-Арча резиденциясында бүгүн II Бишкек маданият форуму өттү

Форум “Наристе” IV эл аралык балдар фольклордук фестивалынын алкагында уюштурулган.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, CIOFF Азия-Тынч океан секторунун төрагасынын орун басары жана Монголия, Калмакстан, Россия, Сербия, Түркия, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстандын өкүлдөрү жана Кыргызстандын 7 облусунан Бишкек Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү катышууда.

Айбек Жунушалиев өз сөзүндө, фестивалдын негизги максаты - этностук, маданий, диний жана улуттар аралык карым-катнашты жакшыртууга салым кошуу болуп саналарын белгиледи.

“Урматтуу форумдун катышуучулары, бул жолугушуу бизге жемиштүү идеяларды жана биргелешкен долбоорлорду алып келет деп ишенем. Бишкек шаары маданий мурастарды түзүү боюнча идеяларды ишке ашырууга ар дайым даяр”, - деди мэр.

Иш-чаранын алкагында конокторго Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары презентацияланып, CIOFF жана Дельфий оюндарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.