Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен балдар Бишкекке алынып келинет
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен балдар Бишкекке алынып келинет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Жалал-Абад облусунда унаа сүзүп кеткен балдар атайын борт менен Бишкекке алынып келинет.

Абалы оор делген он бала туугандары менен чогуу Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында болот.

Мамлекет башчысы балдарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылууну жана медицина адистерине күнү-түнү кароону тапшырды.