Жаңылыктар
“Акысыз адвокат”: УТРК жарандарды укуктук жардам менен камсыздайт
УТРК жаңылыктары
“Акысыз адвокат”: УТРК жарандарды укуктук жардам менен камсыздайт

Бүгүн, 20-октябрда Улуттук телерадиоберүү корпорациясында жарандардын укуктун сабаттуулугун жогорулатууга арналган берүүлөрдүн сапатын арттыруу маселесин талкуулаган жолугушуу болуп өттү. Ага Юстиция министрлигинин Укуктук жардам кызматынын жетекчиси, АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигинин “Укук булагы” жана “Жигердүү жарандар” долбоорлорлорунун өкүлдөрү жана УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев катышты.

Маалымат үчүн белгилей кетсек, былтыр Президент Садыр Жапаров УТРКнын ишмердүүлүгү менен таанышуу маалында “Акысыз адвокат” берүүсүн тартуу процессине күбө болуп, ушундай берүүлөр жарандар үчүн өтө зарыл экендигин белгилеп, бул багыттагы ишти чыңдоону тапшырган.

Мындан улам Улуттук телерадиоберүү корпорациясы Юстиция министрлигинин Укуктук жардам кызматы менен биргеликте, эл аралык өнөктөштөрдү тартып, долбоорду кайрадан иштеп чыкты. “Акысыз адвокат” берүүсү жаңы телесезондо жаңы жасалга жана жаңы формат менен обого чыгууда.

Ал эми бүгүн өткөн жолугуушунун жүрүшүндө Юстиция министрлигинин Укуктук жардам кызматынын жетекчиси Акжол Калбеков, Улуттук каналдын эфиринен чыгып жаткан “Акысыз адвокат” берүүсү калктын аярлуу катмары кабылган укуктук көйгөйлөрдү чечүүдө ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи. Ошондой эле АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигинин өкүлдөрү, мындай берүүлөр жарандар арасында жогорку суроо талапка ээ болуп, көрүмдүүлүгү артып, ар кандай талаш маселелерди чечүүдө калкка юридикалык көмөк көрсөтүп жатканын билдиришти. Түз эфир маалында түшкөн телефон чалуулар жана келген каттар берүүнүн актуалдуулугун айгинелей турганын айтышты.

Өз кезегинде башкы директор Болотбек Тиллебаев УТРК бул багыттагы берүүлөрдүн сапатын жакшыртып, санын арттыруунун үстүндө иштеп жатканына токтолду. Укуктук жардам уюштурууга арналган башка да мерчемделген долбоорлор бар экенин кошумчалады. Бул багытта кандай гана кызматташуу болбосун Улуттук канал даяр экендигин билдирди.

Жолугуушунун жыйынтыгы менен тараптар кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Аталган документ укуктук сабаттуулукту жогорулаткан берүүнү техникалык жактан камсыздоону шарттайт.