Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Жалал-Абадда иш сапары менен болду
Кыргызстан жаңылыктары

Жалал-Абад шаарынын ортосунда орун алган түзөтүү мекемеси шаар четине жылдырылууда. Учурда Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы №10 түзөтүү абагынын кайтаруу жана конвой башкармалыгынын №5 батальонунун имараттарын бузуу иштери жүрүүдө. Иш ыргагын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарында болгон иш сапарынын алкагында жеринен көрүп, тийиштүү тапшырмаларды берди.