Жаңылыктар
Экономикалык өсүш: ИДП 1 триллиондон ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Экономикалык өсүш: ИДП 1 триллиондон ашты

Мындан эки жыл мурда эле дүйнөлүк каржы институттары ар түрдүү маанайдагы божомолду айтып, экономика өнүкпөйт, артка кетет, тышкы карызды төлөөдө кыйналат дегендей маалыматтар чыккан. Бирок бизде туруктуу өнүгүү көрсөткүчтөрү катталды. Быйыл ички дүң продукция 1 трлн сомдук чектен ашты. Бул тарыхый учур.

Киши башына бөлгөндө ИДПнын көлөмү 2023-жылы 1900 доллар болору болжолдонууда. Бул сан акыркы үч жылда 700 долларга өстү. Аткаруу бийлиги быйыл инфляцияны он пайызга жеткирбегенге аракет кылып жатат. Бизде негизинен импорттук инфяция болгондуктан, сырттан келген товар менен кошо келет. Эгерде өзүбүздүн экономика ушул темпте кетсе, өндүрүш, жумуш орундары көбөйсө, импортко болгон көз карандылык азайса инфляция дагы төмөндөйт.

Аткаруу бийлиги жакында эле парламентте отчет бергенде Акылбек Жапаров кийинки жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 414 млрд сом, чыгашасы 394 млрд сом деп коюлганын билдирди. Демек алдыдагы жылда бюджет дефицит эмес, 20 млрд сом профицит менен аткарылат деп убада кылууда.