Коомчулук Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатып, коштошту.
Тасма менен театрда кайталангыс образдарды жараткан залкар актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү эмгектенген Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп, ага театр жана кино күйөрмандары, чыгармачыл интеллигенция, кесиптештери, жакындары, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү катышты.