Шаардыктар эми таштандыны жер астында жайгашкан атайын бункер түрүндөгү контейнерге салышат.
Мындай ыкма жагымсыз жыттан арылтат дешти мэриядан. Эми селсаяктар менен жолбун иттер таштанды челектерин казып, чача албайт.
Акыр-чикирди жер астында сактоо долбоорунун алгачкы аянтчасы Раззаков менен Киев көчөсүнүн кесилишинде ачылды. Ушундай эле бункерлер шаардын башка жерлерине коюлат.