Жаңылыктар
Бишкекте кароосуз калган кафенин имараты толугу менен күйүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте кароосуз калган кафенин имараты толугу менен күйүп кетти

Бишкектеги Байтик-Баатыр менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кароосуз калган кафенин имаратынан өрт чыкты.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жерине 2 бөлүм тартылып, саат 08:27де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен кароосуз калган 50 чарчы метр кафе толугу менен күйгөн.

Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.