Бишкекте жер амнистиясына кирген объекттерге арыздарды кабыл алуу иштери улантылууда.
Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө документтерин толук тапшырган жарандардын тизмелери белгилүү.
Жалпысынан 417 арыз - анын ичинен, Ленин району боюнча - 220; Октябрь району боюнча - 76; Свердлов району боюнча - 65; Биринчи май району боюнча - 56 канааттандырылган.
Эскерте кетсек, борбор калаада жарандардын мүлктүк укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында, жер амнистиясын ишке ашырууну жөнгө салуучу "Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамга ылайык, мунапыс объектилерине арыздарды кабыл алуу улантылып жатат.
Документтерди тапшыруу үчүн Туңгуч кичирайону, 57 дарегинде жайгашкан жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот.