Жаңылыктар
Кошумча бак орнотуу менен күйүүчү май ташыган жарандар кармалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кошумча бак орнотуу менен күйүүчү май ташыган жарандар кармалууда

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Казакстан өлкөсүнөн Кыргызстанга унаасына кошумча бактарды орнотуу менен күйүүчү майларды мыйзамсыз ташып жаткан айдоочуларды кармады. 

Бул факты боюнча авто унааларын убактылуу айып короо жайына токтотуу менен айдоочусуна карата Укук бузуулар кодексинин 194-берененин 1-бөлүмүнө ылайык, 5500 сом айып салынып, аныкталган күйүүчү майлар алынууда.