Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад-Жийде-Мундуз унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат.
Оңдоо иштери күн мурун, 26-мартта башталган. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жолдун бир чакырымдай аралыгына асфальт төшөштү.
"Быйыл Бек-Абад-Жийде-Мундуз унаа жолунун 5 чакырымын оңдоо каралган. Жумуштар 9-14-чакырым аралыгында жүрүүдө. Асфальт төшөө иштери бардык курулуш нормаларына жооп берет", - деп айтылат билдирүүдө.