Жаңылыктар
Ысык-Көлдөн 6400 метр тор чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдөн 6400 метр тор чыгарылды

"Ысык-Көлдү коргойлу" аталышындагы иш-чара уланууда. 

Анын алкагында жалпы көл түбүнүн 24 миң 215 гектардан ашык аянты тазаланды. Суучулдар тарабынан 6 миң 400 метр балык уулоочу тор жана 2 миң 505 кг таштанды чыгарылды. 

Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан арылтуу иши буга чейин Жети-Өгүз району жана Каракол шаарынын аймагында жүрүп, учурда Түп районунун Күрмөнтү айылындагы тилкеде уланууда. 

12-мартта башталган тазалык акциясы Президенттин жеке демилгеси менен “Ысык-Көлдун экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде өтүүдө. 

Ысык-Көл акваториясынын булганган тилкелерин таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоодо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору биргелешип иш алып барууда.