Жаңылыктар
Жер көчкүдөн улам Өзгөндө өзгөчө кырдаал жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Жер көчкүдөн улам Өзгөндө өзгөчө кырдаал жарыяланды

Жер көчкүдөн улам Өзгөн районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, тургундар коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-мартта таңкы саат 5те Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкөн. Жер көчкү аталган тилкеде жайгашкан 18 турак үйгө коркунуч жараткан. 

Жерине 24 куткаруучу, айыл өкмөт тарабынан 40 адам, 1 ХОВО, 5 портер, 3 КамАЗ, 1 жүктөгүч жана жеке унаалар тартылып, 18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына туугандарыныкына көчүрүлгөн.

ӨКМден белгилешкендей, акимдин буйругунун негизинде Карл Маркс айылында I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жеринде абалды өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов көзөмөлгө алууда. 

Белгилей кетсек, аталган аймакта жер 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында аталган аймак ӨКМ тарабынан жашоого кооптуу деп табылып, 18 турак үйдүн жашоочуларына башка жакка көчүү сунушталган.