Жаңылыктар
Ооганстандагы жер титирөө Борбор Азияда сезилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ооганстандагы жер титирөө Борбор Азияда сезилди

Кечээ, 21-мартта кечки 10:47де Ооганстандын аймагында 8 баллга жеткен жер титирөө каттаалды. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Кыргызстандын Ош облусу, Жалал-Абад облусу жана Баткен облусунда 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Европа Жер ортолук деңизи сейсмологиялык борборунун сайтында Ооганстанда магнитудасы 6,5ке жеткен жер титирөө катталган. Жалпыга маалымдоо каражаттары Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия жана Пакистанда дагы жер силкингенин жазышты.

Казакстандын маалымат каражаттары Шымкенттин тургундары жер титирегенде сыртка качып чыккан видеону жарыялады. Душанбе шаарынын чок ортосундагы көп кабаттуу үйдө жашаган тургундар эвакуацияланып жатканы кабарланды.