Жаңылыктар
Кара-Балтада поезд адамды сүзүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Балтада поезд адамды сүзүп кетти

Кара-Балта шаарында поезд адамды сүзүп кетти. 

“Кыргыз темир жолунан” билдиришкендей, 21-мартта саат 19:55те Бишкек - Кайыңды багыты менен келе жаткан поезддин машинистти жолдун 3718-чакырымнда поезди ыкчам токтотууга аргасыз болгон. Анткени темир жолдо адам болгон. 

“Поезддин үн сигналына ал адам эч кандай реакция кылган эмес. Аралыктын аздыгынан кырсыкты алдын алууга мүмкүн болгон жок. Окуядан кийин укук коргоо органдары жана тез жардам кызматы чакыртылган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта. 

“Кыргыз темир жолу” аталган жол үн жана жарык сигналдары менен жабдылганын, мындан тышкары, өтмөккө поезд жакындаганда шлагбаум жабыларын белгиледи.