Жаңылыктар
Токтогулда суунун көлөмү 7 млрд метр кубга жакындады
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогулда суунун көлөмү 7 млрд метр кубга жакындады

Бүгүн, 22-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 875 млн метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 251 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 273 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.