Жаңылыктар
Тобокел деп иш баштагандар тоону томкорууда
Кыргызстан жаңылыктары
Тобокел деп иш баштагандар тоону томкорууда

Ары тартса ары, бери тарса бери жагына жетпей жакыр жашаган үй-бүлөлөргө өкмөт социалдык келишим долбоорунун алкагында 100 миң сомдон берип колдоо көрсөтүүнүн жыйынтыгы - жакшы натыйжа берди.

 Мурда өзүнө ишене албай жүргөн адамдар колуна каражат тийгенден кийин канат байлап, финансылык жактан көз карандысыздыкка умтулуп, өз жанын өздөрү багып кетүүдө. Социалдык камсыздоо министрлиги мындай долбоордун алкагында дагы 10 миңдей муктаж үй-бүлөгө 100 миң сомдон каражат берип, элден артта калбай жашап кетүүгө үйрөтүп жатат.