Парламент “Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо” мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекованын айтымында, мындай макулдашуу Шавкат Мирзиёев Бишкекке келгенде жетишилген. Долбоор үч этап менен ишке ашырылат. Кыргызстанда 500 жаңы жумуш ордун түзүп, 10 миңге чейин автоунаа өндүрүшүн SKD - ири түйүндүү чогултуу ыкмасы менен уюштурулат.
1000 жаңы жумуш ордун түзүү менен 4-5 жылга 20 миңге чейин автоунаа чыгаруу жана автокомпоненттер өндүрүлөт. SKD өндүрүшүнөн кийин алтынчы жылы СKD же майда түйүндүү чогултуу өндүрүшү уюштурулат. Бардыгы 30 миң автокөлүк чыгарылат.