13-марттан баштап "Мекен-карт" документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери, чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн кайрылууга укуктуу. Бул үчүн чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагында кайрылган учурда - аймактык бөлүктөргө же калкты тейлөө борборуна, өлкө чегинен тышкары жерде кайрылган учурда - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылышы керек.
Белгилей кетсек, чет мамлекеттердин жарандарына чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусу Кыргызстанга виза тариздебестен кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү, орун которуу жана болуу, жашап турууга уруксат тариздебестен, Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого, эмгек визасын тариздебей жана иштөөгө уруксаты жок Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бекитилген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө же башка эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүүгө, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү төлөнүүчү кызматтарды Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шартта төлөөгө, жер тилкесине укук пайда болгон күндөн тартып он жылдын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди ээликтен ажыратып берүүгө, Кыргызстандын Мамлекеттик чек арасын өткөн учурдан тартып 90 жумушчу күндүн ичинде болгон жери боюнча каттоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Жогоруда көрсөтүлгөн статусту ыйгаруу менен "Мекен-карт" документи берилет, анын жарактуу мөөнөтү 10 жыл.