Садыр Жапаров диний аалымдарга:
Элди адеп-ахлакка, туура тарбияга алып келип, ысырапкорчулуктан алып чыгышыбыз керек. Кыргыз эли маркумду узатуу зыйнатында кур намыска алдырып, жакырчылыкка кириптер болгон учурлар көп кездешет.
Ошондуктан элибизге түшүндүрүү аркылуу ысырапкорчулуктан арылуу багытында иштерди жүргүзүүдө сиздердин салымыңыздар чоң.