Бишкекте турак жай салынып жатканда батирлерди сатып алган ондогон үлүшчүлөр үйсүз жана акчасыз калышы мүмкүн.
Анткени, курулуш мыйзамсыз жүргүзүлгөндүктөн, имаратты сүрдүрүү боюнча соттун чечими чыккан. Буга чейин, бийлик үлүш ээлерин алдоону токтотуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирген.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, курулуш компанияларына пайдубал туптоого даярдык көрүү баскычында эле жарандардан акча жыйноого тыюу салынарын билдирген.