Кыргызстанда жаңы эреже киргенден кийин мас айдоочулардын саны үч эсеге азайды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалык билдирди.
Эскерте кетсек, айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүп, жолдо жүрүүнүн коопсуздугуна ыңгайлуу шарт түзүү жана унаа катышкан кырсыктардын санын азайтуу максатында - жол эрежесин бузган айрым беренелердин айып пулу эки эсе кымбаттаган болчу.