Жаңылыктар
Нарында жаңы аэровокзал курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында жаңы аэровокзал курулууда

Нарын аэропортун реконструкциялоо иштери башталып, “Манас” эл аралык аэропортунун эсебинен 90 млн сомго Нарын аэровокзалынын жаңы имараты курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягына чейин курулуш-монтаждоо жумуштары аягына чыгат. Андан кийин учуп-конуу тилкеси реконструкцияланып, аба каттамдары ачылат.