Жаңылыктар
Баткенде мыйзамсыз окутуу жүргүзүп келген медресе аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде мыйзамсыз окутуу жүргүзүп келген медресе аныкталды

Баткенде мыйзамсыз окутуу иштерин жүргүзгөн медресе аныкталды. Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Ведомстводон билдиришкендей, облустук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматына Баткен облусунун аймагында мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн медресе бар экендиги боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

Президенттин алдындагы дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү, Баткен облустук милициясы жана Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгы Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери биргеликте Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылына барып, мыйзамсыз диний ишмердүүлүгүн жүргүзгөн окутуу жайды текшерүүгө алган. 

Текшерүүнүн натыйжасында эч кандай уруксат кагазы жок Кызыл-Кыя шаарынын жана Ош облусунун тургундарынын 40ка жакын жаш балдары ошол мекемеде жатып, мыйзамсыз диний сабактарды окуп жаткандыгы аныкталган. 

Бул факт Кызыл-Кыя шаардык милициясында мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзам боюнча катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.