Жаңылыктар
Бир суткада 75 айдоочу мас абалында унаа айдаган
Кыргызстан жаңылыктары
Бир суткада 75 айдоочу мас абалында унаа айдаган

Жол эрежесин одоно бузгандар үчүн жаза катаалдашкандан кийин бир суткада Кыргызстан боюнча 240тан ашык унаа айып төлөөчү жайга киргизилди. Алардын 75инде айдоочулар мас абалында унаа башкарган. 

Жаңы эрежеге ылайык, бул айдоочулар бир жылдык мөөнөткө айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Көпчүлүк эреже бузуулар республиканын борборунда катталган. Эң тартиптүү айдоочулар Талас районунун тургундары болду.