Кечээ, 5-мартта, Бишкек - Самара каттамы менен бараткан поезд Казакстандын аймагында кырсыктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Актөбө облусуна караштуу Шалкар районунда №317 поезд менен вагону жок тепловоз капталы менен кагышкан. Анын кесепетинен үч вагон рельстен чыгып кеткен. Поездде жалпы жонунан 214 жүргүнчү болгон. Алар - Кыргызстан менен Казакстандын жарандары жана темир жолдун кызматкерлери.
“Актөбө облусунун Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, медициналык жардам алуу үчүн эки адам кайрылган, алар жеңил жараат алышкан. Башка кайрылуу түшкөн эмес”, - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Казакстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу маселесин карап жатат.