Соода-өнөр жай палатасынын алдында Дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү.
Соода-өнөр жай палатасынан белгилешкендей, ири ассоциация түзүү чеберлердин эл аралык рынокто өз кызыкчылыктарын жылдырууга мүмкүндүк берет.
"Улуттук сувенирлерди биз расмий жолугушууларда көп беребиз, бирок биз – калпак, чапан жана башка сувенир, буюмдардын сапатын жана дизайнын жакшыртуубуз керек. Дүйнөлүк рынокто төмөн сорттогу товарларга чыдабай, биздин кол өнөрчүлөр тууралуу сөз кылуу үчүн, биз кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын илгерилетүү үчүн гана эмес, ошондой эле алардын профессионалдык кызыкчылыктарын, анын ичинде эл аралык рынокто да коргоо үчүн кол өнөрчүлөр ассоциациясын түздүк", - деди Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.