Жаңылыктар
Терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды

Кыргызстандын аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Караңгылатуу" деп аталган рейд бүгүн, 28-февралда башталып, 10-мартка чейин уланат. Анын жүрүшүндө автоунаасынын маңдайкы жана каптал терезесин мыйзамсыз караңгылаткан жана уруксатсыз кошумча жабдууларды колдонгондор аныкталат.

ЖКККББ аныкталган укук бузууларды фото-видеого жаздыруу менен массалык маалымат каражаттары аркылуу профилактика иретинде чагылдырат.