Кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына карата сүрөтчүнүн ысымын алып жүргөн Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Айтиевдин искусстводогу өмүр жолу» көргөзмөсү ачылды.
Экспозиция сүрөтчүнүн чыгармачылыгынын алгачкы мезгилинен тартып акыркы учурга чейинки бөлүгүн камтыйт. Мында сүрөтчүнүн мурда элге тартууланган ошол эле учурда эл көрө элек жаңы иштери да бар. Муну менен катар Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына карата конференция да уюштурулган. Анда Айтиевдин сүрөт искусствосуна кошкон салымы, анын чыгармачылы жана бай мурасы тууралуу ойлор айтылды.
Иш-чарага өлкөнүн белгилүү сүрөтчүлөрү, студенттер, окумуштуулар жана сүрөтчүнүн жакындары катышты.