Мас абалында рулга отургандарга карата жаза чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги акыркы 9 айдагы ишмердүүлүктөрү тууралуу маалымат берип жатып билдирди.
Ага ылайык, Жогорку Кеңеште бул жааттагы мыйзам долбоору кароодон өтүп жатат. Документте тиешелүү талапты биринчи жолу бузгандар айдоочулук күбөлүгүнөн 3 жылга ажыратыла турганы белгиленген.
Ал эми мындай көрүнүш дагы кайталанып, айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, анда адам саламаттыгына залал келе турган жасалган кылмыштын оордугуна жараша жазалоо чаралары катуулайт.
Ошондой эле иш чарада акыркы 9 айдагы жол кыймылынын коопсуздугун бузуу 16 жарым пайызга чукул өскөнү белгиленди.