Президент Садыр Жапаров Казакстандын Астана шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитинде сөз сүйлөдү.
Саммит Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтүп жатат. Кеңешке Азербайжан, Ирак, Иран, Кыргызстан, Палестина, Тажикстан, Россия, Түркия, Өзбекстан мамлекет башчылары, Катар эмири, Вьетнам вице-президенти, КЭР төрагасынын орун басары жана 5 өлкөнүн министрлери катышууда.
Беларусь кеңешке байкоочу өлкө. Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешин түзүү демилгесин 1992-жылы Казакстан тарап БУУнун башкы ассамблеясында көтөргөн.
Негизги максаты жана багыты Азиядагы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көп тараптуу мамилелерди иштеп чыгуу менен кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.
Азия континентинин 90%ын камтып, бүгүн Кувейттин кеңешке кошулушу менен 28 мүчө мамлекетке чейин көбөйдү.
Астана шаарында мамлекет башчысы Садыр Жапаров мындан тышкары, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия + Орусия" мамлекет башчыларынын саммитине катышат.