Жаңылыктар
Директорлор сынагы: Ош облусу боюнча 108 талапкер тесттен өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Директорлор сынагы: Ош облусу боюнча 108 талапкер тесттен өттү

Ош облусу боюнча мектеп директорлорун тандоонун 2-айлампасында 108 талапкер тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, конкурска жалпы 408 киши документин тапшырган, 76 жаран документтери туура келбегенинен тестирлөөгө катышуу укугуна ээ болгон жок. 310 талапкер катышкан болсо, 108 жаран 60%дан жогору упай алган. 

Бул жыйынтык катышкандардын 34,8%дык көрсөткүчүнө ээ болду.