Министрлер ишти тарта албаса - алмаштырам. Пара алгандарды, мамлекеттин акчасын уурдагандарды каматам. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди. Ал жакында эле кызматтан алынган чиновниктер тууралуу пикир билдирип, напсисин тыя албагандар министр болбойт деди.
Ал эми Ысык-Көл облусундагы буга чейин өкүл Алтынбек Сулайманов боюнча оюн айткан мамлекет башчы, ал реформага шылтабай жөн эле кетсе болмоктугун белгилеген.
"Бир дагы жолу мамлекеттик кызматта иштебеген киши дароо бир облустун башчысы болуп барып калып кыйналды окшойт. Жергиликтүү бийликти реформа кылыш үчүн долбоорлор даярдалыш керек да. Жөн эле ой келди жасап салгыдай мамлекет мал сарай эмес да. Долбоорлор даярдалып жатат. Айтып коюш оңой. Практика жүзүндө ишке ашырыш кыйын" - деди мамлекет башчысы.