Жаңылыктар
Чек ара боюнча талаш жерлердин 99% Кыргызстандын пайдасына чечилди
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара боюнча талаш жерлердин 99% Кыргызстандын пайдасына чечилди

Чек ара боюнча талаш жерлердин 99 пайызы Кыргызстандын пайдасына чечилди. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди. 

Анын айтуусунда, чек араны тактоодо буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары бизге өттү. Айылдарда болобу, тоолордо болобу же түз жерлерде болобу талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы биздин пайдабызга чечилди. 

"Эртең, 10-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем" - деген Садыр Жапаров. 

Президент ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен 1400 км чек араны толук чечип, Өзбекстан менен чек ара маселесине түбөлүк чекит коюлуу алдында турганын белгиледи.