Бишкек шаарындагы №20 мектеп гимназиянын жаңы имараты ишке кирди. Билим уясынын расмий ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Майда курулуш иши башталган имарат 4 айда толук бүтүп, окуу жабдыктары, эмеректер менен камсыздалды. 2,3 гектар аянтты ээлеген билим уясында башында бала бакчанын базасында түзүлгөн чакан имарат болгон. Мектептин кошумча имараты май айынын аягында курула баштаган. 4 айда толук аяктап ишке кирди.
Курулуш материалдары заманбап стилде тандалып сырткы көрүнүшү эски менен жаңысы шайкеш келтирилген. Быйылкы окуу жылында республикалык бюджеттен жана шаардык мэриядан 3 млрд сом бөлүнүп, 15 мектеп 1 бала бакчаны ишке киргизүү пландалган. Мектеп-гимназиянын кошумча имаратына 300 млн сомдон ашык каражат сарпталды.