Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда орто мөөнөттүү мезгилге жаңы Алкактык өнөктөштүк программасы иштелип жатат.
Анын алкагында аталган каржы институтунун өкүлдөрү өлкөнүн мамлекеттик органдары менен тыгыз кызматташууга даяр. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Операциялык иш-чаралар боюнча башкаруучу директору Аксель Ван Троценбург Президент Садыр Жапаров кабыл алганда билдирди.