Жаңылыктар
8-октябрда Бишкекте жалпы ишембилик өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
8-октябрда Бишкекте жалпы ишембилик өтөт

Борбор калаада 8-октябрда, масштабдуу ишембилик өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъектилерди масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат. Урматтуу шаар тургундары! Айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык жана ыңгайлуулук ар бирибизден башталат! Четте калбай жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр!" — деп айтылат шаардыктарга жасалган кайрылууда.