Жаңылыктар
Тогуз айда пенсияга 40,5 млрд сом каржыланды
Кыргызстан жаңылыктары
Тогуз айда пенсияга 40,5 млрд сом каржыланды

2022-жылдын январь-сентябрь айларында пенсияга 40 млрд 564 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди. 

Анын эң көбү Ош облусунда. Аймактын пенсионерлери 7 жарым млрд сомго жакын пенсия алышкан. Дагы 7 млрд сом менен Жалал-Абад облусунун пенсионерлери каржыланган. Бишкек шаары менен Чүй облусу — 6 млрд сомдон ашык, Нарын облусу — 2 млрд 883 млн сом, Ысык-Көл облусу — 3 млрд 711 млн сом, Баткен облусу - 3 млрд 469 млн сом, Талас облусу — 1 млрд 693 млн сом, Ош шаары — 1 млрд 466 млн сомдук пенсия алышкан. Соцфонддон кошумчалашкандай, пенсиялардын каржылануусу 2022-жылдын сентябрында 4 млрд 485 млн сомду түздү.