Гималай тоосундагы Манаслу чокусун багындырган кыргызстандык экспедиция мекенине кайтып келди. Эскерте кетсек, улуттук долбоордун алкагында альпинисттер тобу 7-сентябрь күнү сапарга чыккан.
Алар бир нече баскыч менен катаал шартта дүйнөдөгү бийиктиги боюнча сегизинчи саптагы, 8 163 метр бийиктикте жайгашкан чокуга 1-октябрь күнү кыргыз желеги менен үч килограммдык “Манас” эпосунун китебин алып чыгышкан.
Манаслуда желек желбиретип жеңишке жеткен альпинисттер Непалдын борбору Катмандуда эс алган соң Бишкекке учуп келишти. Алар алдыда желекти мамлекет башчыга тапшырганы жатат. Манаслу — Гималай тоолорунда орун алган, Непалдын борбордук бөлүгүнүн түндүгүндөгү ак кар, көк музга оронгон бийик чоку.