Жаңылыктар
Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Президент Садыр Жапаровдун атына Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына 7 талапкер боюнча сунуштар түшкөн. 

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Мамлекет башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык жети талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. 

Президент Садыр Жапаров жети талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Ат-Башы райондук сотуна Улан Шерипов, Тоң райондук сотуна Аида Талантбекова, Балыкчы шаардык сотуна Элдияр Ысаков, Кара-Буура райондук сотуна Элмира Асанова, Индира Асилова, Ленин райондук сотуна Авчи Алиев, Баимбек Осмонов дайындалды. Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.