Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын делегациясын кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын делегациясын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын Операциялык иш-чаралар боюнча башкаруучу директору Аксель Ван Троценбург башында турган аталган банктын делегациясын кабыл алды. Өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары жана Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын жакынкы жылдардагы кызматташуусунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду. 

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банкка өлкө экономикасын өнүктүрүүгө болгон колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, каржы институту көп жылдардан бери өнүктүрүүнүн бардык негизги багыттары боюнча олуттуу жөлөк-жардам көрсөткөн мамлекеттин маанилүү өнөктөшү экенин кошумчалады. Кызматташтык түптөлгөнүнө 30 жыл болгонун белгилеп, Садыр Жапаров Дүйнөлүк банк менен мындан аркы тыгыз, жемиштүү өз ара аракеттенүүгө бекем ишенимин билдирди. Мамлекет башчысы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу агрессиясына байланыштуу соңку окуялар Баткен облусунун жарандык жана социалдык инфраструктурасынын ири кыйроолоруна алып келгенине өзгөчө көңүл бурду.

Дүйнөлүк банктын тажрыйбасын жана эксперттик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, Президент Садыр Жапаров каржы институтунун көңүлүн агроөнөр жай комплекси, туризм, жеке секторду колдоо, транспорт жана энергетика, анын ичинде энергияны кайра жаратуучу булактар сыяктуу кызматташтыктын багыттарына бурду. Өз кезегинде Аксель Ван Троценбург белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда орто мөөнөттүү мезгилге жаңы Алкактык өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат. 

Ал бул иштин алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен тыгыз кызматташууга даяр экенине ишендирди. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, адам укуктары маселелерине көңүл бурду. Жолугушууда энергетика жана социалдык өнүктүрүү тармагындагы долбоорлор боюнча келишимдерге кол коюлду. Документке кыргыз тараптан каржы министри Алмаз Бакетаев, Дүйнөлүк банктан Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова кол койду.