Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров ЖККУ башкы катчысын кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров ЖККУ башкы катчысын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды. 

Анда регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жыл Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгы жана ЖККУнун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен белгиленип жатканын айтып, уюмдун мааракелик жылына ЖККУга мүчө мамлекет - Тажикстандын жакындагы мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттери көлөкө түшүргөнүн өкүнүч менен белгиледи. 

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Станислав Заська Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясы, анын натыйжасында жай тургундардын жана аскер кызматкерлеринин өлүмү, ошондой эле Баткен облусундагы жарандык жана социалдык инфраструктуранын эбегейсиз кыйрашы тууралуу кеңири айтып берди. 

ЖККУнун башкы катчысы өз кезегинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Уюм бул кризистик кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. 

ЖККУнун башкы катчысы ошондой эле мамлекет башчысына 2022-жылдын күзүндө Арменияда өткөрүлүшү пландалган уюмдун уставдык органдарынын алдыдагы отурумдарына жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык көрүү иштери тууралуу маалымат берди. 

Станислав Зась ошондой эле ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин бир катар жеке тапшырмаларынын аткарылышы боюнча Президент Садыр Жапаровго маалымат берди.