"Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутат Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды.
Анын талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөтүп, "Ишеним", "Альянс" фракциялары менен "Элдик" тобу колдоду. Шакиевдин талапкерлиги үчүн 80 эл өкүлү "макулдугун" берсе, алтоо "каршы" болгон.
Парламенттин мурдагы төрагасы Талант Мамытов Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 5-октябрдагы жыйынында кызматтан кетип жаткандыгын билдирип, бул анын жеке чечими экендигин айткан.