Жаңылыктар
Кыргызстанда 116 миңге жакын педагог эмгектенет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 116 миңге жакын педагог эмгектенет

Мугалимдер күнү жыл сайын дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө белгиленет. 1994-жылы эл аралык мугалимдер күнү катары ЮНЕСКО тарабынан бекитилген. Кыргызстанда Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 2014-жылы өкмөттүн токтому менен 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган. 

Кесиптик майрам өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн дүйнөнүн агартуучуларына сый-урмат жана ыраазычылык билдирүүнүн белгиси болуп калды. Педагог - эң кеңири тараган кесиптердин бири. Учурда Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку окуу жайларында 116 миңге жакын педагог эмгектенет. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо эсеп менен 17 окуучу туура келет. Билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин санынын 86 пайызын аялдар түзөт. Республиканын жогорку окуу жайларын аяктаган ар бир бешинчи студент педагогдук кесипти тандаган.