Жаңылыктар
Ош шаарына - 3022 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарына - 3022 жыл

Ош шаарына 3022 жыл болду. Быйыл шаар күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтпөйт. 

Мэрия анын себебин Баткен облусунда болгон соңку окуяларга байланыштуу экендигин билдирген. 

Ош шаары – Кыргызстандагы эле эмес, Борбор Азиядагы байыркы шаарлардын бири. Ош - географиялык, климаттык жактан ыңгайлуу жайгашкандан улам эзелтеден көп түрдүү маданияттар өз ара айкалышып, өнүгүп олтуруп, салтында, үрп-адатында ар түркүн сүртүмдөр кездешкен уникалдуу шаар. 

Байыркы шаардын күнүндө калаа тургундарын мэр Алмаз Мамбетов куттуктады.