Жаңылыктар
Бакыт Төрөбаев күзгү талаа иштери боюнча жыйын өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бакыт Төрөбаев күзгү талаа иштери боюнча жыйын өткөрдү

Күзгү талаа иштери өз убагында жүрүшү керек. Ага даярдыктар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өткөргөн жыйында талкууланды. 

Айыл чарба министрлигине кант кызылчасы, пахта жыйноого көңүл буруу, күздүк эгинди себүүнү өз убагында жүргүзүү, райондордо айыл чарба унааларын оңдоочу устаканаларды ачуу боюнча тапшырмалар берилди. 

Бул жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө 26 млрд сом, анын ичинде кластердик каржылоого 10 млрд 6 пайыздык жеңилдетилген насыя берүүгө, ирригацияга 2 млрд, сапаттуу үрөнгө 1 жарым млрд, жер семирткичтерди алууга 1 млрд, айыл чарба техникаларын лизингге берүүгө кошумча 271 млн сом бөлүнгөн. 

Буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 27,7 центнерди түзүп, былтыркыга караганда түшүмдүүлүк эки эсе өскөн. Республика боюнча 233,7 миң гектардан буудай жыйналды.