2 килограммдан ашык баңгизат сатууга аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ош облусунун 61 жаштагы тургуну баңгизатын сатууга аракет кылып жатканда колго түшкөн. Шектүү коопсуздук кызматынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүрүүдө.